Ак-Босого конушуна 140 орундуу жаңы бала бакча курула башталды

27 июль 2023 11:18 920 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ак-Босого конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. 

“Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0,5714 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «AT Empire» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/ak-bosogo-konushuna-140-orunduu-zhay-bala-bakchanyn-kurulushu-bashtaldy



Добавить комментарий