Айжан Байзакова төрөттө кыйналгандыгы тууралуу айтып, уулунун сүрөтүн көрсөттү

3 декабрь 2018 10:00 3346 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Казактын аты чуулуу блогери Айжан Байзакованын үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында көз жарганы маалым болду.

Байзакованын ар бир жүктөлгөн посту негативке толгон пикирлерге бай болсо, акыркы сүрөтүнө Айжандын дарегине жылуу сөздөр айтылууда.

Маалым болгондой баланын атасы ким экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз, көпчүлүк ар түрдүү божомолдорду кылууда. Жадакалса блогер айымдын кош бойлуулугуна төрөткө чейин ишенбегендердин да саны бир топ. Айжан Байзакова бул жолу да маселе тууралуу эч кандай пикир айтпай, тескерисинче төрөттө кыйналгандыгы тууралуу өзүнүн интернет баракчасынын сторис бөлүмүнө жазды. Ага кошумча кичинекей наристенин да сүрөтү менен бөлүштү.

Эске салсак, Байзакова үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Казакстандын биринчи президентинин туулган күнүндө төрөп, бул тууралуу өзү пост жазган.


Ссылка: https://barometr.kg/ajzhan-bajzakova-trtt-kyjnalgandygy-tuuraluu-ajtyp-uulunun-srtn-krstt



Добавить комментарий