Айжамал Кабылова : "Күнөөсүн эч качан моюнга албагандык, кара мүртөздүк бул сиздин жашооңуздун маңызы"

25 февраль 2019 10:27 12385 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

"Кыз бурак" тобунун мурдагы ырчы кыздары Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы пикир келишпестик дагы деле токтой элек. Эми бул окуя тууралуу Айжамал Кабылова өзүнүн көз карашын жазып чыкты.

"Сөөмөйүңүздү койкоңдотуп, чындыкты сүйлөмүш этип, бирок ичиңизде жашырынган арамдыгыңыз менен кошо жашап жүргөнүңүзгө боорум ооруйт!", -деп сөзүн баштаган Кабылова жалпысынан окуяны 4 бөлүккө бөлүп, аны 5 пост кылып жазып чыкты.

Ырчынын айтымына караганда Кенже Дүйшеева "мен Айжамалга кылдым" деген жакшылыктарынын баарын "Кыз бурактын" жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын арты менен жасаган.

Айжамал Кабылова акыркы постуна:

"Катасын же күнөөсүн эч качан моюнга албагандык, жокчулук, митаамдык, кара мүртөздүк бул сиздин жашооңуздун маңызы. Өз кызыкчылыгыңыз үчүн жалганды чынга айлантып, бирөөнүн жасаганын мен жасадым деп менчиктештирип алмай адатыңыз 45 жашка кирсеңиз да калбады. Сөөмөйүңүздү койкоңдотуп, чындыкты сүйлөмүш этип, бирок ичиңизде жашырынган арамдыгыңыз менен кошо жашап жүргөнүңүзгө боорум ачыйт. Сиз баарыбыз менен катышып, баарыбызды ынтымакташтырып, баарыбыз Гүлшайыр эжебиздин жанында жүрсөк жалпы кыргыз элине үлгү, өрнөк болмокпуз. Бирок көөдөнүңүз жакыр, көрөңгөңүз тайкы экен Кенже эже, амбициясы асманда түшпөй, бул жакшылыкка кадам жасай албадыңыз... Пейилиңиздин жамандыгынан Кыз-Бурактын бир кызы менен катышпай калганыңыз өтө өкүнүчтүү. Бул дүйнөдө Сиз үчүн мындан артык каттуу жаза болбосо керек!!!", -деп сөзүн жыйынтыктады.

Буга чейинки жазган постторуна пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койсо, акыркы постуна пикир калтыруу бөлүмүн ачып койду.

Көпчүлүк жабыла "окуя чындыгында ушундай болгон турбайбы, Кенже башкача жазды эле" деген пикирлерди жаадырышууда.

Эске салсак бул пикир келишпестик тууралуу Кенже Дүйшеева биринчи окуянын кайндай болгонун жазып чыккан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzhamal-kabylova-kenzhe-djsheevaga-kataasyn-zhe-knsn-ech-kachan-moyunga-albagandyk-zhokchuluk-mytajymdyk-kara-mrtzdk-bul-sizdin-zhashoouzdun-mayzy



Добавить комментарий