Айзада Жамгырчиева: Негатив жазган эркектер мага жете албай жүргөндөрбү деп ойлоп кетем!

30 июнь 2021 20:20 4441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева өзүнүн социалдык баракчасына эң көп жазылган комментарийлер тууралуу пикирин бөлүштү.

“Сени эч ким албайт! Эң көп жазылган комментарий. Рейтинг боюнча 1-орунда! Болбосо жазгандар эркектер, көпчүлүк эмес, азчылык. Кээде ойлонуп кетем, ушу негатив жазган эркектер мага жете албай жүргөн эркектерби, депчи! Эмне, мен күйөөгө тийгенде жыргап кетесиңби? Же толбос аяк толуп, жашооң оңолуп кетеби? Ай, эмнеси болсо да маңдайыма дагы бир "сасыгым" тургандыр, болбосо кыз 25 жаш. Жөн гана, азыр, эме, тиги варианттар көп болуп, башым айланып жатпайбы, кашайып десе. Бирөөсүн тандаганда, милдеттүү түрдө тийем алтындарым десе!”,-деп тамашалуу пост жазды алып баруучу.

Эскерте кетсек, Айзада Жамгырчиева теле алып баруучу, тамада, актриса, ырчы катары таанымал.1995-жылы 23-августта Талас областынын Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzada-zhamgyrchieva-negativ-zhazgan-erkekter-maga-zhete-albaj-zhrgndrb-dep-ojlop-ketem



Добавить комментарий