Айзада Жамгырчиева дарегине айтылган негативдерге жооп берет: "Жаман адамдардан ар дайым жаман сөз чыгат"
Алып баруучу, журналист, ырчы, ар тараптуу талант Айзада Жамгырчиева акыркы учурларда инстаграм аркылуу да көпчүлүккө таанылып, ар тараптуу сын-пикирлерге кабылып келет. Айзада бул негативдер менен кантип күрөшөт деген суроо жаралбай койбойт. Ырчы өзү көпчүлүктү кызыктырган суроолорго Barometr.kg сайтына берген маегинде жооп берди.
-Саламатсызбы Айзада, бул чындыгында көпчүлүктү кызыктырган суроо болушу керек, азыркы учурда репертуарыңызда канча ыр бар?
-Азыр менин репертуарымда 1 эле ыр бар, ал өзүңүздөр билгендей “Жүрөк сыры” чыгармасы. Ал эми Анжелика Кайратова менен ырдап чыккан “Шопинг” ырыбыз дует болгондуктан аны жеке менин ырым деп айта албайм.
-Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат же ырчылыктан алыстап кеттиңизби?
-Жок, мен ырчылыкты таштабайм, болгону азырынча ырларды жаздырбай элемин. Мага жакшы обон жазып бере турган мыкты авторду издеп жүрөм, анткени купулума толгон, өзүмө жаккан обонду таба элекмин. Тапсам эле ыр жаздырам.
-Ырчы катары тойлорго чакыруулар түшүп турабы?
-Жок, тойлорго чакыруулар түшө элек, бирок алып баруучу болуп жакшылыктарга барып калганда ошол жердеги коноктор же болбосо той ээлери суранып калганда ырдап коём.
-Инстаграм баракчаңызда көпчүлүк учурда терс пикирлер жазылган учурларды байкап келебиз, негатив менен кантип күрөшөсүз?
-Мен негатив менен күрөшпөйм, аларга көңүл деле бурбайм. Жаман адамдардан ар дайым жаман сөз чыгат да, ошол себептерден ал нерсеге көңүл буруунун деле кажети жок деп ойлойм. Андайларга убактымды кетиргенче өзүмө пайдалуу нерсе жасаганым жакшы. Ким эмнени кааласа жаза беришсин.
-Жеке жашооңузда эмне жаңылыктар болуп жатат, той качан?
-Жеке жашоомдо жаңылык деле жок. Тойду болсо Кудай буйруган күнү деп турайын.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Добавить комментарий ×