Айсулуу Тыныбекова өз жашоосуна көп наалыгандарга: Сизге эч ким милдеттүү эмес!

23 октябрь 2019 18:33 6990 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону жана чебери Айсулуу Тыныбекова акыркы учурда өз жашоосуна көп наалып, башкалардан көмөк күтүшкөн адамдарга кездешкенин социалдык тармактан жазды.

“Акыркы учурларда мындай бир жагдайларга көп кабылып жатам: элдер өз жашоосуна көп наалып, маселелерине өз алдынча жол табуунун ордуна алардын ишин бирөө чечип берчүдөй башкалардан көмөк күтүшөт. Албетте өзүн жалгыз чечүүгө абдан татаал болгон, айланадагы адамдардын көмөгү керек болгон кыйын учурлар бар. Ишенип коюңуздар күчтүү жана ийгиликтүү көрүнгөн адамдардын дагы маселеси менен турмуш кыйынчылыктары бар, алар аны унчукпай эле өздөрү чечкенди жактырышат.Турмушка наалыганга убакыт коротпой, жөн гана айланага жана кандай сонун өлкөдө жашап жатканыбызды караңыз! Кимдир-бирөөдөн көмөк күтпөңүз жана эсиңизде болсун - сизге эч ким милдеттүү эмес! Өз алдынча аракет кылууну баштаңыз, Кудайга жана андан кийин өзүңүзгө таяныңыз, баары сиздин колдо! Баарыңыздарга жашоодогу башкы нерсе болгон ден соолукту каалайм!, - деп кеңеш берди Тыныбекова.



Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-z-aldyncha-araket-kyluunu-bashtayz



Добавить комментарий