Айсулуу Тыныбекова лыжа тээп жүрөт. Колун, бутун абайласа экен
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын Фейсбук баракчасына лыжа тээп түшкөн видеосу, сүрөтү коюлуп, окурмандардын кызуу талкуусуна түштү.
Мындай видео менен сүрөттү КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев фейсбуктагы жеке баракчасына койгон. Видеодон Айсулуунун бийиктен лыжа тээп түшүп келатканын көрүүгө болот. Ага кошо эле Байгазы Кенжебаев экөө жанаша түшкөн фото-сүрөт коюлган.
Анда Кенжебаев «Спорт кээ бир спортчунун канында бар. Кечинде эле Францидан мелдештен келип, бүгүн эртең менен Айсулуу тоо-лыжа трассасын багындырды. Айсулуунун болгону экинчи гана жолу лыжа тепкенин эске алганда ал мыкты тебээрин моюнга алыш керек» деп маалымат калтырган.
Окурмандардын айрымдары бул көрүнүшкө кубанып, сыймыктанаарын билдиришсе, лыжа тебүү травма алуу коркуну бар спорт экенин айтышып, Айсулууну этият болууга чакырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-lyzha-teep-zhrt-kolun-butun-abajlasa-eken
Добавить комментарий ×