Айсулуу Тыныбекова Кытайдагы Эл аралык турнирде үчүнчү орунга чыкты
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Тайюань шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча China Open Эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу
United World Wrestling биргелешкен күрөш уюмунун расмий сайтына жаряланды.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө 55 килограммга чейинки салмакта Назира Марсбек кызы атаандашына жеңилип оюндан четтетилген. 59 килограмм салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда жапониялык Юзура Куманого жеңилип калган. Бирок, жапон күрөшчү кызы финалга чыккандыктан Тыныбековага коло байге үчүн күрөшкө жол ачылып, бул таймашта кытайлык Юан Вангды утуп алып үчүнчү орунга чыкты. Ал эми 23-июнда кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, айлампа тартибинде өткөн эки беттеште Кытайдын өкүлдөрүнө жеңилип, байгесиз калды.
Эске сала кетсек, мелдеш кыз-келиндер арасында 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kytajdagy-el-aralyk-turnirde-chnch-orunga-chykty
Добавить комментарий ×