Айсулуу Тыныбекова эл аралык Poland Open мелдешине катышат

1 август 2019 17:29 5832 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Польшанын баш калаасы Варшава шаарында 2-4августта өтүүчү XXIII эл аралык «Poland Open» мелдешине катышат.

Бул тууралуу маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги бүгүн билдирди.

Өкмөттүн алдындагы аталган агенттиктин спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясы Айсулуунун мелдешке катышуусу үчүн өлкө казынасынан 212 миң сом каражат бөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-el-aralyk-poland-open-meldeshine-katyshat



Добавить комментарий