Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчуларды машыктырды

15 ноябрь 2021 12:20 8463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздар үчүн тренировка өткөрдү. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram-аккаунтунда маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, 13-ноябрда ал АКШда “Wrestle like a girl” уюму менен өзүнүн биринчи мастер-классын өткөргөн.

“Кечээ мен АКШда күрөштө спортчу кыздардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү менен иш алып барган "Wrestle like a girl" уюму менен биринчи мастер-классымды өткөрдүм. Чынын айтсам абдан толкундандым, бирок бул сүйкүмдүү кыздар жылуу жана колдоо менен кабыл алышты. Аларга чыныгы бийик жетишкендиктерди жана өз потенциалдарын өнүктүрүшүн каалаймын”,-деп жазды спортчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-amerikalyk-sportchularga-mashyktyruu-tkrd



Добавить комментарий