Айрым партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышты
Кече, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болду. Добуш берүүнүн жыйынтыган бир нече партиялар тааныбай тургандыгын билдиришти.
«Замандаш», «Бир Бол», "Реформа", “Ыйман Нуру” партиялары добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышты.
«Шайлоонун жыйынтыгын «Замандаш» партиясы тааныбайт. Парламентке административдик ресурс жана добуш сатып алган партиялар келди», - деди партиянын лидери Жеңиш Молдакматов.
Кече, 4-октябрда 23:00 го карата БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырган. Анда «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ajrym-partiyalar-dobush-bernn-zhyjyntygyn-taanybaj-turgandygyn-ajtyshty
Добавить комментарий ×