Айрым аймактарда жаан жаап кар жаашы күтүлөт. Бир жумага карата аба ырайы
18-22-февраль аралыгында өлкө аймагында айрым жерлерде жаан жаап кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
18-19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.
21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт
Ссылка: https://barometr.kg/ajrym-ajmaktarda-zhaan-zhaap-kar-zhaashy-ktlt-bir-zhumaga-karata-aba-yrajy
Добавить комментарий ×