Айпери Кубик кызы: "Ошентип менде жакшы жаңылык!"

6 март 2019 16:43 8921 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчылар акыркы учурда бир гана ырчылык менен алектенбестен шоу-бизнестин өкүлдөрү катары ар бири өз бизнесин ачып келет. Бул ырчыларга акча табуунын эң пайдалуу жолу экени белгилүү. Өзүнүн атынан товарын жарнамалоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындай шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн катарына ырчы Айпери Кубик кызы да кошулду. Ал бул тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасына жазып элге сүйүнчүлөдү.

Ырчы жалпы окурмандарына:

"Ошентип менде жакшы жаңылык! Гүл дүкөнүн ачтык! Буйруса эми талыкпай иштейбиз Мен биринчи жумуш баштадым", -деп жазып, жаңы ачылган гүл дүкөнүнө келүүнү жана ийгилик каалоону суранды.

Айпери Кубик кызынын окурмандары жана күйөрмандары ырчыга ийгилик каалап, "аман-эсен көз жарып алыңыз" деген каалоо-тилектерин айтышты.

Эске салсак, Айпери Кубик кызы учурда кош бойлуу, экинчи наристесин көтөрүп жүргөн чагы.

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-oshentip-mende-zhakshy-zhaylyk



Добавить комментарий