Айгүл Текебаева: "Эки жыл жети ай бою биз менен бирге Өмүрбекти күткѳн баардыгыңыздарга ыраазыбыз"
Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева фейсбук баракчасында санаалаштарына үй-бүлѳсүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди .
«Кечээ Өмүрбекти, биздин үй-бүлөнү 2 жыл 7 айдан ашык күн-түн дебей колдоп жүргөн партиялаштарыбыз, жердештерибиз, досторубуз жана тарапкерлерибиздин бир бөлүгү менен жолуктук. Аларга ыраазычылыгыбызды билдирдик. Тилеккке каршы, бизди колдогон адамдардын баары менен жолугуп, ыраазычылык билдиргенге мумкүн болгон жок. Ушул пост аркылуу кечээки жолугушууну сиздердин бардыгыныздарга билдирген ыраазычылык катары кабыл алуунуздарды суранам», - деди Текбаева.
Жакынкы күндѳрү "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди колдогон санаалаштарына Бишкек шаарында түлѳѳ ѳткѳрүлгѳн. Бул тууралуу социалдык тармакта ар кандай талкуулар болгон.
Түлѳѳнү Текебаевдин санаалаштары уюштуруп , ѳткѳрүү форматын дагы алар тандашкан.
Добавить комментарий ×