Айгүл Рыскулова ээлеген кызмат ордунан кетти

29 май 2018 22:25 971 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын вице-мэри кызматында төрт жыл иштеген Айгүл Рыскулова кече, 28-майда мэр Албек Ибраевге жумуштан өз эрки менен кетүү боюнча арызын берген.

Бүгүн Бишкек шаардык Кеңештин отурумунда, БШК төрагасы Алмаз Кененбаев, арызга кол коюлгандыгын маалымдады.

Шаардык Кеңештин күн тартибинде Рыскулова жетектеген блоктун отчету да угулмак, бирок, кайсы бир себептерден улам, ал маселе күн тартибинен алынып салынды.

Айгүл Рыскулова жумуштан кетүүсүнүн себебин башка кызматка бара жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/ajgl-ryskulova-eelegen-kyzmat-ordunan-ketti



Добавить комментарий