Айдоочулук күбөлүгүн принтерден чыгарып алган. Орусиядан кыргызстандык таксист кармалды

29 декабрь 2020 12:48 2458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Санкт-Петербургда жасалма айдоочулук күбөлүк менен Кыргызстандан барган таксист кармалды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Приморск аймагындагы жол кырсыгын каттоого келген. Бирок “Yandex.Tаксинин” айдоочусунун айдоочулук күбөлүгүнүн аныктыгы аларга чоң шек туудурган. Текшерип келгенде Кыргызстандан барган айдоочу правасын сыя принтерден басылып чыгарып алганы маалым болгон.

«Жасалма документ үчүн мигрантка кылмыш иши козголот. Ушундай документи бар адамды кантип такси кызматына алышты, бул өзүнчө суроо ", - деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochuluk-kblgn-printerden-chygaryp-algan-orusiyadan-kyrgyzstandyk-taksist-karmaldy



Добавить комментарий