Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен айдоочулар изделүүдѳ

18 ноябрь 2019 11:57 2171 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкекте  таңкы 8:00 чамасында жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп кеткен айдоочулар изделүүдѳ.

Бул тууралуу  Barometr.kg маалымат агенттигине Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Маалымат боюнча, Иса Ахунбаев кѳчѳсү менен Карл Маркс кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде болгон. Азырынча автоунаалардын айдоочулары кармала элек. Кыздын ѳздүгү такталууда деп билдирди.

Эске салсак, кыз жолдон өтүп бара жатканда X-Trail үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп алган.

Анын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу токтотууга үлгүрбөй, кызды тебелеп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochulardyn-zdg-taktalyp-izdeld



Добавить комментарий