Айдоочулардын айып дүмүрчөктөрү азырынча үйлөрүнө жиберилбейт

31 май 2018 21:15 1080 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жол эрежесин бузган айдоочулардын айып дүмүрчөктөрү азырынча үйлөрүнө жиберилбейт.

Мындай билдирүүнү маалымат технологиялар Мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди. Айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн тийиштүү механизмдер жана укутук актылар кабыл алына элек. Ошондой эле айып төлөөнүн принциптери иштелип чыккан эмес.

Азырынча бул система Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилиштеринде 4 жерде иштеп, мыйзам бузууларды каттап жатат. Ал эми башка райондорго качан камералар коюлаары азырынча белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochulardyn-ajyp-dmrchktr-azyryncha-jlrn-zhiberilbejt



Добавить комментарий