Айчүрөк Иманалиева: "Балдардын ата энесинин тарбиясын көргөнү маанилүү" деп Анжеликага айттыбы?
Ырчы Айчүрөк Иманалиева кызы Аэлита жана жолдошу Таалай мырза менен түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөп:
"Турмушта ар кандай нерселер болот. Балдар атанын да эненин да мээримин, тарбиясын көргөнү маанилүү. Айрыкча кыз бала атасына жакын болот экен. Мен дайыма мен көрбөгөн жакшы нерселерди балдарым көрсө экен, деп аракеттенип келдим. Кызымды жаныңдай жакшы көрүп, ар дайым колдоп жүрөөр атасы бардыгын көрүп, тилегимдин орундалганына каниет кылам", деп баяндама жазып койду.
Постту окуганда жөн гана үй-бүлөсү тууралуу жазылып турса да, айрым интернет колдонуучулары Айчүрөк Иманалиева муну атайын Анжеликага тиешелүү кылып жазды деп кабыл алышты. Ырчынын катталуучуларынын көпчүлүгү "сөз ээсин тапты" деген маанидеги пикирлерин калтырышса, айрымдар түздөн-түз эле "Анжеликага тиешелүү сөз экен" дешти. А башкалары ырчынын үй-бүлөсүнө бакыт каалашты.
Добавить комментарий ×