Аида Салянованын иши бүгүн Жогорку сотто кайрадан каралат

20 июнь 2019 10:21 1243 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-башкы прокурор Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн 20-июнда Жогорку сотто кайрадан карап чыгышмакчы. Бул тууралуу саясатчынын жакындары кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, иш быйыл жыл башында жаңы кодекстер ишке киргенине байланыштуу кайра каралат.

Кечээ,19-июнда жергиликтүү бир катар укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аида Саляновага  Жогорку сотто кайра карала турган ишине көңүл бурууга чакырышкан.

Эскерте кетсек, Салянова 2010-жылы Юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин шериктеши Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан  деп айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.  

⠀ ⠀ ⠀

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanovanyn-ishi-bgn-zhogorku-sotto-kajradan-karalat



Добавить комментарий