Ошто волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өтөт
15-февралда Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өтөт.
Мелдешке саясатчылар, мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, экономисттер, журналисттер, ишкер айымдар, бир сөз менен айтканда, жалаң кыргыз аялдары катышат.
Иш-чаранынын максаты 15-февраль - рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Өмүр үчүн ойнойбуз!" урааны менен Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу аркылуу рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбекованын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.
Ушу тапта Айжамал апасы менен биргеликте баш сөөгүн алмаштыруу үчүн Индиянын Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан, анын операциясына 70 миң доллар талап кылынат.
Кайрымдуулук иш-чарасы Ош шаарындагы "Рамазан" спорт комплексинде өтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында "Өмүр үчүн ойнойбуз!" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түзгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalievanyn-demilgesi-menen-volejbol-boyuncha-meldesh-tt
Добавить комментарий ×