Ахматбек Келдибеков Исмаил Матраимов фондун “Раим ата фонду” деп айтып алды
Бөлүшүү:
Социалдык түйүндөрдө экс-спикер Ахматбек Келдибековдун Исмаил Матраимов фондунун турниринде сүйлөгөн сөздөрүнүн үзүндүсү жарыяланды.
Ал катышуучуларга “ийгиликтүү жигиттердин дайыма душмандары болот, алар дайыма талкуулап, бут тосуп турушат”,-деп кайрылды. Ал ошондой эле Исмаил Матраимов фондун “Раим ата фонду” деп айтып алды. Уккандар күлүп жиберишти. Келдибеков уялып кетип “Болочокто чындап эле Раим-ата фонду пайда болот”,-деп айтты. Ал Матримовдорду буга окшогон турнирди өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жылы сентябрда Ахматбек Келдибековдун уулу үйлөнүп жаштарга Раим Матраимовду өкүл ата койгон.
Добавить комментарий ×