Афгандык качкындар Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдына митингге чыгышты
Бөлүшүү:
Бишкектеги Кыргызстандагы Американын элчилигинин имаратынын алдына афганистандык качкындардын митинги өтүп жатат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Алар АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнө алып кетүүнү талап кылышууда.
Митингчилердин айтымында, Кыргызстанда 20 жылдан ашык убакыттан бери жашап жатышат жана укуктары бузулууда.
Акциянын катышуучуларынын айтымында, алардын арасында студенттер жана качкындар да бар. Кыргызстанда афгандыктардын саны 2 миңдин тегерегинде. Нааразы болгондор Афганистандын элчилигине кайрылышкан, бирок алар көмөк бере албасын айтышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/afgandyk-kachkyndar-bishkektegi-akshnyn-elchiliginin-aldyna-mitingge-chygyshty
Добавить комментарий ×