Афган-түркмөн чек арасында атышуу болуп жатат

9 июль 2021 10:10 2311 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистан менен Түркмөнстандын чек арасында атышуулар болуп жатат. Бул тууралуу turkmen.news.булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, Түркмөнстандын Серхетабад калктуу конушунда атышуу болуп жатат. Кечээ Серхетабад аркылуу толук экипирвкаланган аскерлер сегиз жүк унаасы менен жана мотоциклисттер өткөнүн жергиликтүү тургундар билдиришти.

Түркмөн офицерлери өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн Афганистандын чегинен тышкары жерге эвакуацялап жатышат.

Буга чейин Tolo News басылмасы афгандардын Түркмөнстан менен чектешкен Бадгис провинциясында 7-июлдан тартып Талибан кыймылы менен өкмөттүк күчтөр айгышкан салгылаш жүргүзүп жатканын билдирген.

Серхетабад шаарчасы Түркмөнстандын Марый велаятына таандык айыл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/afgan-trkmn-chek-arasynda-atyshuu-bolup-zhatat



Добавить комментарий