Адвокат Осмонбек Артыкбаевдин күнөөсү жок экендиги тууралуу жүйөлөрдү ар бир пункт боюнча так көрсөтүп берди
Парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата тагылган айыптар негизсиз. Бул тууралуу Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков берген маалыматта айтылат.
Адвокаттын маалыматында Артыкбаевдин коргоосу иштин материалдарын тыкыр изилдеп чыгып ТЭЦ боюча кылмыш ишинде Артыкбаевди күнөөлөө менен тергөө жаңылышып жатат деген бүтүмгө келишкени белгиленет. Адвокат ар бир пункт боюнча Артыкбаевдин күнөөсүз экендиги тууралуу далилдерди санап чыкты.
"Артыкбаевди айыптоо боюнча кылмыш ишинин материалдарын терең изилдеген сайын ага тагылган айыптардын сапаты жөнүндө суроо жаралат.
Тергөөнүн төмөндөгү жүйөлөрүн карап көрөлү:
1. Тергөө ал “Электр станциялары” ачык акцонердик коому менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын ортосундагы контрактык келишимди түзүүдө Техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыккан эмес деп айыптоодо. Бирок “Энергетика министрлиги жөнүндө жобого” ылайык үчүнчү тараптын келишишими боюнча ТЭНди иштеп чыгуу Энергетика министрлигинин компетенциясына кирбейт. Бул маселе контрактык келишимдин тараптарынын компетенциясына кирет. Бирок тергөө эмне үчүн Артыкбаевди күнөөлөп жатат?
2. Тергөөнүн материалдарында Кыргызстандын өкмөтү менен КРдин Эксимбанкынын ортосунда насыя келишиминин долбоорун КРнын өкмөтүнүн колдоосуна алып кирүүдө Осмонбек Артыкбаев башка министрликтердин эскертүүлөрүн эске алган эмес деп көрсөтүлгөн. Бирок тергөөнүн мындай жыйынтыгы негизсиз жана 2013-жылдын 10-июндагы №341 өкмөттүн регламентине дал келбейт.
КРнын өкмөтүнүн 69-пунктуна ылайык “өкмөттүн кароосуна алып кириген чечим долбоорлору кайчы пикирлер менен эскертүүлөрдүн матрицасы менен сунушталат”. Тактап айтканда долбоор өкмөттүн регламентине башка министрликтердин эскертүүлөрү менен киргизилиши керек. Башка министрликтерлин эскертүүлөрүн Энергетика министрлиги жоюп сала албайт, анткени мындай эскертүүлөрдү КРнын премьер-министри кол коер алдында өкмөттүн аппараты эске алышы же болбосо алып салышы керек.
Регламентке ылайык, өкмөттүн аппарат жетекчиси долбоорду кайра иштеп чыгууга же болбосо акыркы чечимди кабыл алыш үчүн жогору турган жетекчиликке жөнөтүүгө укуктуу.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчилиги тарабынан өкмөтттүн акты долбоорун кол коюуга жөнөтүү чечими кабыл алынган. КРнын өкмөтүнүн регламентине ылайык энергетика министри өкмөттүн аппаратындагы актыны макулдашуу процедурасына катышпайт.
Тергөө админитративдик актыларды изилдебей туруп энергетика министрин айыптаган. Легитимдүү административдик процедураны кылмыш деп эсептөө кантип болсун?!
3. Өкмөтүн токтом долбооруна эскертүү берүү менен өкмөт андан ары “КРнын өкмөтү менен КЭРдин Эксимбанкынын ортосунда Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун алып кирүү жөнүндө” токтомду кабыл алганы кызык, бирок бир дагы министрлик кандайдыр бир эскертүү алып кирген эмес.
Мындан улам бир суроо туулат: эмне үчүн министрликтер кайталап эскертүү жасашкан жок?
Андан кийин эгемен өлкөнүн парламентинин депутаттары мыйзамды кабыл алышкан. Тергөө Артыкбаевди депутаттарды ынандырган деп айыптап жатат. Бирок ар бир депутат өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам чечим кабыл алышкан. Депутаттар өз алдынча чечим кабыл алышат жана аларга эч ким кысым көрсөтүүгө укугу жок. Анын жыйынтыгында КРнын президенти мыйзамга кол койгон.
Энергетика министри КРнын өкмөтүнүн тапшырмасы менен гана мыйзам долбоорун сунуштаган жана өзүнүн жеке позициясын билдире алмак эмес. Анда Артыкбаевдин күнөөсү эмнеде?
4. Айыптоонун дагы бир башка маселеси. Тергөө “Электр станциялары” ачык акционердик коому колдоо албай туруп Кытайдын компаниясы менен пайдасыз келишим түздү деп эсептейт жана буга Энергетика министрин күнөөлөйт.
КРнын “Чарбалык жолдоштуктар жана коомчулуктар жөнүндө” мыйзамына ылайык”, ошондой эле “Электр станциялары” ААКынын уставы боюнча ири келишимдер акционерлердин жалпы жыйынында (Мамлекеттик мулк фонду, Социалдык фонд жана башкалар) кабыл алынышы керек, бирок жыйын болгон эмес! Мамлекеттик мулк фонду, Социалдык фонд жана башка тараптар акционер болушкан. Энергетика министрлиги “Электр станциялары” ААКнын акционери болгон эмес, демек Кытайдын компаниясы менен “Электр станциялары” ААКынын ортосундагы келишимди колдоого ала алмак эмес.
Андан ары карай Каржы министрлиги менен “Электр станциялары” ААКы суммасы 386 млн АКШ доллары турган насыя жөнүндөгү субсидиардык келишимди түзүшкөн, бул акционерлердин жалпы жыйынында колдоо тапкан.
Ушулардын баарына карабай тергөө экс-министр О.М.Артыкбаевге негизсиз айып таккан”,-деп билдирди жактоочу.
Маалымат үчүн
Нурлан Садыков – “Кыргызстандын юристтери” Ассоциациясынын төрагасы (2003-2004-жылдар);
“Укук жана процедуралар” юридикалык компаниясынын жетекчиси (2002-жылдан тартып);
“Конституциялык саясат институту” аналитикалык борборунун директору (2005-жылдан тартып);
КРнын президентинин сот реформасы боюнча кеңешинин мүчөсү (2014-жылдан тартып азыркы учурга чейин)
Конституциялык кеңештин мүчөсү (2005, 2006-жылдар);
КРнын Конституциясынын жаңы долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү (2010-жыл).
Добавить комментарий ×