Адвокат: Биз Текебаевди актоону сураган жокпуз
Жогорку сотто жаңы жагдайлар боюнча тактап айтканда жаңы кодекстердин ишке киргизилишине байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин кароо башталды.
Адвокат Тенизбек Жаныбеков өз сөзүндө Текебаев соттолгон эски Кылмыш Кодексинин “коррупция”-303-беренеси боюнча 8 жылдан 15 жылга чейин мүлктү конфикациялап, кызматты ээлөө укугун токтотуп эркинен ажыратуу каралганына токтолду.
Жаңы Кылмыш кодексинде буга окшогон 319-берене-“коррупция” боюнча санкция каралып 10 жылдан 12,5жылга чейин эркинен ажыртуу жазылган. Тактап айтканда жаңы кодексте жаза жеңилдетилген.
Ошондой эле ал Текебаевдин 1990-жылдарда алган жер участогу менен унаасын конфискациялашканын кошумчалады.
“Биз Текебаевди актап чыгууну эмес, ага карата жазаны жумшартып жана мүлктүн конфикациялоону алып салууну суранып жатабыз. Биз Текебаевдин ишин биринчи соттук инстанцияга жаңыдан кароого жөнөтүүнү өтүнөбүз”,-деп айтты Жаныбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/advokat-biz-tekebaevdi-aktoonu-suragan-zhokpuz
Добавить комментарий ×