Адамга ашыкча салмак коштура турган дарылардын тизмеси

26 март 2019 10:36 6160 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ашыкча салмагы бар адамдардын 10-15 пайызына алар колдонгон дарылар себеп болот экен. Бул көрүнүштү медицинада “ятрогенндик семирүү” деп коюшат. Бул тизмеде гормоналдык каражаттар гана эмес, бир караган көзгө жөнөкөй сезилген дары каражаттары дагы кирет.

Алар организмде суюктукту кармап турат, бул шишикке алып келет, табитти ачат, метаболизм-негизинен калорияларды иштешүүнү жайлатат. Ошондой эле адамдын жеке индивидуалдык өзгөчөлүгү да ар бир дарыга ар түрдүү ыңгайлашканын эстен чыгарбоо керек.

Төмөндө ашыкча салмакка алып келе турган дарылардын тизмесине көз жүгүртүңүз!

Депрессия менен күрөшө турган препраттар:

- Пароксетин;

- Флуоксетин;

- Циталопрам;

- Миртазапин;

- Сертралин;

- Флувоксамин.

Бул дарылар маанайды ачып, серотонинди көбөйтөт.Бирок мындай дарыларды узак колдонуу ашыкча салмакка өбөлгө болот. Бул дарылар бир жылдан 10 килограммдан ашык салмак кошууга себепчи болот. 

Маанайды турукташтыруучу дарылар болуп саналган

- литий тузу;

- рисперидон;

- клозапин;

- кветиапин;

- оланзапин.

Мындай дарылар шизофрения жана биополярдык бузулууларда берилет. Бул дарылар айына 2-3 килограммга чейин салмак кошууга алып келиши мүмкүн.

Кант диабетинде колдонула турган төмөнкү дарылар:

- инсулин;

- пиоглитазон;

- глипизид;

- натеглинид;

- глимепирид;

- репаглинид;

- глибурид.

Төмөнкү кортикостероид каражаттары:

- преднизолон;

- метилпреднизолон;

- преднизон.

Бул дарыларды сезгенүүгө, астмада жана башка ооруларда колдонушат. Алар метоболизди жайлатып, май алмашууну бузат.Табиттик жогорулатат.

Инсульт менен шакый (мигренге) колдонулган дарылар:

- вальпроевая кислота;

- нортриптилин;

- амитриптилин.

Бул каражаттар гормондордун иштелип чыгышына тасир берип суюуктукту организмде кармап турат.

Кан басымды түшүрө турган бета-блокаторлор:

- метопропол;

- ацебутолол;

- пропанолол;

- атенолол.

Аллергияга каршы колдоно турган

 - фексофенадин;

- цетиризин;

- лоратадин;

- дифенгидрамин (димедрол).

Аллергенге каршы иштелип чыккан гистаминди баса турган мындай каражаттар ашыкча салмакка түрткү болушу толук ыктымал.

Ошондой эле бойго бүтүрбөөчү каражаттардын көбүндө колдонула турган прогестерон табитти ачып организмде суюктукту кармап турат. Муну менен аялдарда ашыкча салмакты пайда кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/adamga-ashykcha-salmak-koshtura-turgan-darylardyn-tizmesi



Добавить комментарий