Абылгазиев: Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди

5 сентябрь 2018 20:30 996 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Заманбап дүйнөнүн келечеги – бул жогорку инновациялык технологиялардын жана ааламдык илимий жетишкендиктердин жыйындысы. Ушул сыяктуу жөнөкөй эмес шарттарда биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек», – деди  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад»амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы»этнофестивалынын ачылыш салтанатында. 

Мунун менен катар эле өкмөт башчы үч күндөн бери Көчмөндөр оюндары бүйүр кызытып жогорку дэңгээлде өтүп жатканын айтты.  

«Кыргызстанда – көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, жайкалган Кырчын жайлоосунда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, бүйүрдү кызыткан, бийик деңгээлде өтүп жатат. Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык”- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.  Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Атада 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. Ага дүйнөнүн булуң бурчунан келген спортчулар, коноктор катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kchmndr-oyundary-2018-zhyldyn-ch-e-maanil-okuyalarynyn-kataryna-kirgizildi



Добавить комментарий