Абхазиянын президенти отставкага кетти
Абхазиянын президенти Рауль Хаджимба президенттиктен кетти. Бул тууралуу вице-президент Аслан Барциц билдиргенин "Известия" жазды.
Маалыматка ылайык, Хаджимбанын оппозициячыларга болгон кайрылуусун мамлекеттик дачанын алдынан экс-премьер Сергей Шамба окуп берген болчу.
"Мамлекеттеги туруктуулукту сактоо үчүн президенттиктен кетип жатканымды силерге билдирем", — деп айтылат документте.
Абхазияда кайтадан президенттик шайлоо өтөт. Ал 22-мартка белгиленди. Хаджимба журналисттердин "Шайлоого катышасызбы?" деген суроосуна "Бардыгын турмуш көрсөтөт" деп жооп кайтарды.
Белгилей кетсек, Абхазиянын Жогорку соту Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылы сентябрдагы кайта шайлоонун жыйынтыгы боюнча чыгарган чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Анын айынан өлкөдө нааразычылык акциялары башталган.
Ссылка: https://barometr.kg/abhaziyanyn-prezidenti-otstavkaga-ketti
Добавить комментарий ×