Абдышүкүр Нарматов жума намазында бош калган мечитти көрсөтүп ыйлады – видео

20 март 2020 15:30 2762 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дин аалымы Абдышүкүр Нарматов бүгүн, 20-мартта, жума намазы учурунда бош калган мечитти көрсөтүп көзүнө жаш алды.

“Урматтуу мекендештерим, урматтуу мусулман бир туугандарым. Бүгүн жума өзгөчө жума, башка жума күндөрүнө окшобойт. Эмне үчүн? Жетимсиреген мечит. Жума сөзү жамаат сөзүнөн алынганына карабастан жамааты жок жума. Бүгүн мечиттерде жамааты жок, жаратканга жалбарып дуба кылган, жүздөрүнөн ыйман нуру келген аксакалдар жана жаштар жок. Бүгүн ошондой өзгөчө жума. Бүгүн Жаратканга жалбарып ыйлай турган жума, бүгүн Алла-Таалага тобо кыла турган жума. Аллах менен болгон мамилебизди жаңылай турган жума”, —деп көзү жашылданды.

Эске салсак, муфтият коронавирустан улам жума намаздарын убактылуу өткөрбөй турууну чечкен. Буга чейин өкмөт дагы кишилер көп чогулган жайларга барбай турууну, көп киши келген иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.


Ссылка: https://barometr.kg/abdyshkr-narmatov-zhuma-namazynda-bosh-kalgan-mechitti-krstp-kzn-zhash-aldy-video



Добавить комментарий