Абал турукташса алгач Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигинен каттамдар жанданат
Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо алгач Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигинен каттамдар жанданат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташып, абал жакшырган убакта алгачкы учактар Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигинен уча баштайт.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абал жакшырып, туруктуу болсо эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот.
«Эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар. Өзүңүздөр билгендей тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылаары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Биринчи иретте каттамдар Россия, Түркия жана Араб Эмирлиги тараптан жүргүзүлөт», — деп билдирди Боронов.
Добавить комментарий ×