Аба ырайы: 16-ноябрда жаан жаап, карга айланат

16 ноябрь 2020 09:18 931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

16-ноябрь күнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору беоген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда -2...+3°

Талас облусунда -4…+1°

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +3-8°

Ысык-Көл облусунда +2-7°

Нарын облусунда -1…+4°

Бишкекте 16-ноябрда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +1-3° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-16-noyabrda-zhaan-zhaap-karga-ajlanat



Добавить комментарий