Аалы Карашев: "Өкмөт калп эле ички дүң продукция өнүгүп жатат дей бербей талдап чыгуусу керек, өнүксө жумушсуздук азайбайт беле"
Өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөр талданып чыгышы керек. Буга өкмөт жоопкерчиликти алышы зарылдыгын депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин бүгүн 7-февралда өтүп жаткан жыйынында айтты.
"Азыр өкмөттун айтуусу боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясы 3,5 пайызга өскөн. Эмненин эсебинен өсүп жатат? Так маалымат жок. Ал эми Улуттук Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылдын декабрь айында эле 28,1 пайызга ички дүң продукция өсүп жатат"-деди депутат.
Ошондой эле, ал өлкөдө жумушсуздук күчөп жатканын кошумчалады. Эгерде ички экономиканын абалы жакшырса, жумуш орундары дагы көбөймөктүгүн белгилеп, жөн эле дайынсыз өсүп жатат деген кур долбоор айтылып жаткандыгын айтты. Муну менен депутат өкмөткө ички экономиканын абалын кайрадан талдап чыгуу керектигин сунуштады.
Бүгүн 7-февралда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер талкууга коюлуп жатат.
Добавить комментарий ×