90 пайыз денеси күйүп кеткен. Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып бир киши каза болду
Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 22-январда Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылына караштуу “Улан” турбазасынын өткөрмө пункту күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
“Тилсиз жоо саат 18:38де чектөөгө алынып, 19:15те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 74 жаштагы К.А. аттуу эркек 90% денеси күйүп, 4 даражадагы күйүк алган, ооруканага жеткирилип, ооруканадан каза болуп калган.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/90-pajyz-denesi-kjp-ketken-ysyk-kld-turbazadan-rt-chygyp-bir-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×