Кыргызстанда 9 айда эле жол кырсыгынан 526 киши каза болгон

9 октябрь 2019 15:17 1606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда акыркы 9 айда эле болгон жол кырсыгы 526 кишинин өмүрүн алган. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айтты.

Парламенттин 9-октябрдагы отурумунда жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулдардын суммасын төмөндөтүүнү сунуштаган мыйзам каралды. Анда бир катар бузууларга карата

Жаңы сунушталып жаткан мыйзамда калкка бир катар жеңилдиктерди берилет. Мурдагы мыйзамда “токто!” деген эскертүү сызыгын басып алган айып менен жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткен бузуучунун айыбы бирдей каралып калган. Бул эки учурда кооптуулуктун айырмасы чоң. Ушул сыяктуу жеңилдиктер бар. Айып пулдарды экинчи категориядан биринчи категорияга өткөргөнү жатабыз. 3 миңден 1 миң сомго түшүп жатат”, - деди Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов.

Ал эми кызылда өтүү, ченемден жогорку ылдамдыкта айдоо жана мас абалда унаа башкаруу сыяктуу бузууларга айыптар мурда жогорулатылган бойдон каларын Исраилов кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/9-ajda-ele-zhol-kyrsygynan-526-kishi-kaza-bolgon



Добавить комментарий