8 миӊден ашуун кыргызстандыктар мекенге келүүгө муктаж
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министринин отчету тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов азыркы учурдагы кырдалга байланыштуу чет жерде калып, өлкөгө кире албаган журтташтардын абалы күндөн күнгө кыйынчылыкка кабылып жатканын көтөрдү.
«Россия тарапта бир топ, ал эми Пакистандан 178 адам жардам сурап келе албай жатат. Алардын транспорт каражаттарына төлөөгө шарттары бар, болгону алардын келишин аткаруу бийлиги уюштуруп бериши керек», - деди ал.
Өз кезегинде Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 58 мамлекеттен 8 миӊ жаран келүүгө муктаж экенин айтып, андыктан аларды жакын арада алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын кабарлады.
Ссылка: https://barometr.kg/8-miden-ashuun-kyrgyzstandyktar-mekenge-kelg-muktazh
Добавить комментарий ×