74 жаштагы абышка менен жаш колукту түз эфирде төшөк мамилелерин көрсөтүшөт
21 жаштагы Миляна Богданович менен анын болочок жары 74 жаштагы Милойко Божич Сербияда жашайт. Ортосунда 53 жаш айырма бар жубайлар «Parovi» (жуптар) деп аталган реалити-шоуга катышууда. Алардын айтымдарында экөө күн сайын бирге болушат жана муну түз эфирде программага алып чыгууну пландашууда. Бул тууралуу Dailymail.co.uk. булагы кабарлады.
Дарыгер эркек кишиге жүрөгүндөгү оорусунан улам көп нерсеге тыюу салганына карабай алар активдуү махабат түндөрүн өткөрүп жатышканына макташып, бул үчүн эч кандай дары колдонбой тургандыктарын айтышты.
Миляна өзүнөн улуу кишиге карата сүйүүсүн далилдеш үчүн ушундай ишке бара турганын элге жарыя кылды. Алар 7-сентябарда үйлөнүшмөкчү.
“Биз чындыгында бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Мен элге чыны менен ушундай экенин көрсөткүм келет”,-деп айтты жаш колукту.
Белгилеп кетчү жагдай, 74 жаштагы Милойконун 40, 35 жана 30 жаштагы үч уулу, 13 жана 11 жаштагы эки небереси бар.
Ссылка: https://barometr.kg/74-zhashtagy-abyshka-menen-zhash-koluktu-tz-efirde-tshk-mamilelerin-krstsht
Добавить комментарий ×