БШК: "12 саясий партия шайлоо фондуна каражат которду"
12 саясий партия шайлоо фондуна каражат которду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 07-августуна карата 44 саясий партиянын ичинен 42си БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.
7-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.
Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 12 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
Добавить комментарий ×