7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, аял киши окуя болгон жерден мерт кетти
Бугүн түнү 21-январь күнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди
Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э ар кандай жаракаттарды алышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кырсыктын себептери изилденүүдө.
Добавить комментарий ×