67 жаштагы Эмомали Рахмон кайрадан президенттик шайлоого ат салышат

27 август 2020 12:40 1570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанды 1994-жылдан тарта башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин кайрадан көрсөттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон азыр 67 жашта. Ал 1994-жылдан бери президенттик тактыда отурат. Беш жолу шайлоого талапкерлигин коюп, баарында жеңип чыккан.

Аталган өлкөнүн азыркы башчысынан тышкары дагы төрт адам президенттикке талапкерлигин койгон:

Рустам Латифзода – Агрардык партиясынан

Абдухалим Гаффоров – Социалисттик партиясынан

Саиджафар Усмонзода – Демократиялык партиясынан

Рустам Рахматзода – Экономикалык реформалар партиясынан

Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Анда азыр жалпы 5 талапкер президенттик үчүн ат салышканы турат. Тажикстанда президент 7 жылга шайланат.

Ссылка: https://barometr.kg/67-zhashtagy-emomali-rahmon-kajradan-prezidenttik-shajloogo-salyshat



Добавить комментарий