60 жыл мурда курулуп, жараксыз абалда турган “Жыргалаң” санаторийи оңдолду

16 ноябрь 2023 11:41 1379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

60 жыл мурда курулган “Жыргалаң” санаторийи толук оңдолду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

"Жыргалаң" санаторийи 1964-жылы курулган, сөөк-булчуң системасы, нерв жана гинекологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоого адистешкен. Көп жылдар бою санаторий Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясынын балансында турган жана жараксыз абалга келген, ал эми 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талаптарга жооп берген эмес. Ошондон бери ал жерде эч кандай реконструкция, модернизация жүргүзүлгөн эмес.

2023-жылы санаторий Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген жана бул жерде курулуш иштери башталган. Бүгүнкү күндө 37 коттедждин (2 бөлмөлүү) жана 4 үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Мындан тышкары, санаторийдин аймагында 6 жаңы бассейн (анын ичинен 2 балдар үчүн), ашкана жана административдик корпус курулду. Президенттин иш башкармалыгы тарабынан, мындан тышкары бир нече обьектилер оңдолуп, курулуп жатат”, -деп жазды президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков. 

Ссылка: https://barometr.kg/60-zhyl-murda-kurulup-zharaksyz-abalda-turgan-zhyrgala-sanatoriji-odoldu



Добавить комментарий