5G аба ырайын аныктоого тоскоолдук кылабы?
Мыкты мобилдик байланышы зарылбы же аба ырайынын тактыгыбы? Дилемма АКШда пайда болду. Метеорологдор зымсыз спектрлар менен келген өтө көп өлчөмдөгү жыштык иштерине тоскоолдук кылып жатканын айтып арызданышканын news.com сайты жазды.
Дүйшөмбүдө Океан жана атмосфераны изилдеген улуттук агенттик учурда курулуп жаткан 5G мунараларынан улам аба ырайынын тактыгы 30 пайызга төмөндөп жатканын агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу Нил Джейкобс билдирген. Бул 40 жылга артка кеткендик болорун айткан жетекчи 3 күн мурда даярдык көрүлүшү керек болгон урагандар жана эвакуацияларды алдына алууда көйгөйлөр чыгышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Көйгөй суу буусу 23,8 гигагерц жыштыгында сигналды алсыз чыгарат. Бул жыштык 5G тармагында (24 ГГц) кеңири колдонулат.
Бул абалга АКШнын GOES-R жана Европанын космос агенттиги чыгарган MetOp спутниктери байкоо салат. Анын маалыматтары шамал жана башка кубулуштарды аныктоодо маанилүү.
Азырынча метеорология жана космос агенттиктеринин жетекчилиги, окумуштуулар бул суроону же жамгырды аныктоочу 36-37 гигагерц, карды аныктоочу 50,2-50,4 гигагерц, булутту, музду байкоочу 80-90 гигагерц жыштыктарын талкулоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/5g-aba-yrajyn-anyktoogo-toskoolduk-kylaby
Добавить комментарий ×