Бир суткада коменданттык сааттын талаптарын 135 киши бузуп, 4 машина айып короого токтотулду

5 май 2020 09:30 1099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 135 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 4 унаа киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 110, Ош шаары -11, Жалал-Абад шаары-8, Ат-Башы району-6.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4415 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 350 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/5-majga-karata-tartipti-saktabagan135-zharan-karmalgan



Добавить комментарий