"4 айлык баласын бычак менен сайгылап өлтүргөн". Казакстандагы үрөй учурган окуя
Бөлүшүү:
Казакстандын Атырау облусунда аял төрт айлык баласын бычактап өлтүрдү. Ал ымыркайдын денесинин бир нече жерине бычак менен сайгылаган. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz сайтына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Полициянын маалыматы боюнча, Курмангазы районунун Көптогай айылынын 41 жаштагы тургуну 26-апрелде баласын катуу ыйлап жаткандыгы үчүн өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал ашкана бычагы менен наристени бир нече жолу сайган.
Учурда, бул факты боюнча кылмыш иши ачылып тергөө жүрүп жатканы маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/4-ajlyk-balasyn-bychak-menen-sajgylap-ltrgn-kazakstandagy-rj-uchurgan-okuya
Добавить комментарий ×