35 жаштагы россиялык блогер 21 жаштагы өгөй уулунан кыз төрөдү

16 январь 2021 09:57 3557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Краснодар аймагындагы 35 жаштагы блогер Марина Балмашева 21 жаштагы өгөй уулунан кыз төрөдү. Бул тууралуу  Life.ru сайттарына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Өткөн жылы Марина Балмашева күтүлбөгөн жерден жолдошу Алексей Шавырин менен ажырашып кеткен. Алар 13 жыл бирге жашап, жети баланы - беш асыранды бала жана 22 жана 20 жаштагы эки өгөй баланы тарбиялап өстүрүштү. Асырап алынган балдардын арасында “Даун” синдрому менен ооруган кыз бар.

Ажырашкандан кийин, балдардын бардыгы эркек киши  менен калган. Бир кездеги ынтымактуу үй-бүлөнүн кыйрашына Маринанын өгөй баласы Владимир менен болгон сүйүүсү себеп болгон.

Маалым болгондой, үй-бүлөлүк кырдаал ачыкка чыгаары менен, аял балдарды кароо укугунан ажыратылган. Бирок, ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Кош бойлуулук жөнүндө кабар Марина үчүн күтүлбөгөн окуя болду, анткени доктурлар анын тукумсуз экендигин айтышкан.

Блогер айымдын инстаграм баракчасында 500 миңден ашуун катталуучусу бар.



Ссылка: https://barometr.kg/35-zhashtagy-rossiyalyk-bloger-21-zhashtagy-gj-uulunan-kyz-trd



Добавить комментарий