347 афган кыргыздары талибдерден качып Тажикстанга келди
13-14 июлда Афганистандын Бадахшан провинциясындагы Вахон уездине караштуу Андемин кыштагынын теги афган кыргыздары болгон 347 тургуну «Талибан» куралдуу тобунан качып Тажикстандын аймагына келди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматы жарыяланганын “Барометр” билдирет.
Алардын арасында 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек бала бар.Чек арадан өтүп келе жатканда эки жаш бала чарчап калган.
Азыркы учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айылындагы Чоштеппа жана Дуютук участокторуна жайгаштырылды.
Качкындардын жанынан 3,5 килограммдан ашык баңгизаты алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/347-afgan-kyrgyzdary-talibderden-kachyp-tazhikstanga-keldi
Добавить комментарий ×