34 жаштагы аял карыган энесин күнү бою сабап, кабыргаларын сындырып өлтүрдү

4 апрель 2019 15:55 14818 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Абай шаарынын жашоочусу карыган энесин сабап жатып өлтүрдү. Бул тууралуу nur.kz булагы кабарлады. 

Үрөй учурган окуя өткөн жылдын 11-декабрында болгон. 34 жаштагы аял күнү бою улам улам келип карыган энесин ур-токмокко алган.

Ал улгайган аялды колу буту менен тепкилеп, кийин соңунда күрөктүн сабын колдонгон.Эң акыркы соккуну эне коркконунан төшөккө заара ушатып жибергенде алган. Буга ачууланган аял аны биротоло өлтүрө соккон.

Алынган жаракатынан карыган аялдын кабыргаларынын баары талкалангандыктан дем ала албай каза тапкан. Ошондой эле аялдын баш мээси чайкалган.

Аялды ушунча сабагандан кийин казакстандын жашоочусу аны полго таштап, өзү унчукпай уктаганга кетип калган.

Эртең менен апасынын өлүп калганын көргөн.

Учурда сот болуп таш боор аял алты жылга эркинен ажыратылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/34-zhashtagy-ayal-karygan-enesin-kn-boyu-sabap-kabyrgalaryn-syndyryp-ltrd



Добавить комментарий