34 жаштагы аял эки бала менен өрттө калып каза болушту

13 февраль 2019 11:52 1066 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында чыккан өрт кырсыгынан бир келин жана эки бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Кечээ Таш-Дөбө айылында кампа менен гараж күйүп, бир келин жана эки бала өрттө калган. Маалыматка ылайык, аялдын жашы 34тө. Ал эми балдардын бири 10, экинчиси бир жашта болушкан.

Кампанын 100 чарчы метри, ал эми гараждын чатыры өрттөнгөн.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/34-zhashtagy-ayal-eki-bala-menen-rtt-kalyp-kaza-bolushtu



Добавить комментарий