Казакстанда 5 жаштагы кыз антисептик ичип алып каза болду
Казакстанда 5 жаштагы кыз антисептик ичип алып каза болду. Бул тууралуу nur.kz. басылмасына таянып "Барометр" которду.
Казакстандын Акмола облусунда 5 жаштагы кыз антисептик (тазалоочу спирттелген каражат) ичип алып каза болду.
Маалыматка ылайык, ооруканага дем алыш күнү 5 жаштагы кызды алып келишкен. Өспүрүм клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) абалында болгон.
“Ооруканага түшкөндөн кийин дарыгерлер жарым саат аракет кылышты. Бирок, кичинекей кызды аман алып калууга мүмкүн болбоду”, - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, 5 жаштагы кыз текчеде турган антисептикти шире (сок) экен деп ичип алган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/31-iyulda-kurman-ajt-namazy-ayanttarda-zhana-mechitterde-okulbajt
Добавить комментарий ×