300 күн СИЗОдо жаткан кыргызстандык мамлекеттен 3 млн сом компенсация талап кылууда
15-апрелде Биринчи май райондук сотунда судья Д. Орозованын төрагалыгы астында Р. А. Адыракаевдин доо арызы боюнча уктуруу болду. Адыракаев мыйзамсыз кылмыш жообуна таруудан, баш коргоо чарасын мыйзамсыз колдонуудан келтирилген моралдык чыгым үчүн КРнын Каржы министрлигин сотко берген. Бул тууралуу “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмеси кабарлады.
Жыйын өз маалында башталды, процессуалдык нормалар сакталгандан кийин судья үчүнчү тарап катары УКМК жана Башкы прокуратура тартылганын айтты. Жыйынга доо арыз берүүчүнүн, башкы прокуратуранын өкүлдөрү келди, УКМК жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү келишкен жок.Жооп берүүчү тараптан анын өкүлү ооруп жаткан үчүн жыйынды жылдыруу тууралуу арызы келди.
Иштин маанисине келе турган болсок, 2012-жылы 23-сентябрда Адыракаева Р. А.га карата КРнын Кылмыш кодексинин 299-1 берененин 4-бөлүгү - “улуттар, рассалар, диний жана диндер аралык кастыкты тутантууга багытталган уюшкан ишмердик”, 299-2-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту- “экстремисттик материалдарды сактоо, даярдоо, экстремисттик материалдарды ташуу жана жөнөтүү, символикалар менен атрибутикаларды атайлап колдонуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 2013-жылдын 10-ноябрынан 2014-жылдын 11-сентябрына чейин Адыракаев Р. А. убактылуу кармоочу жайда жаткан.
2014-жылы биринчи инстанциядагы сотто Адыракаев Р. А акталган, бул өкүм экинчи жана үчүнчү инстанцияларда күчүндө калтырылган.
Адыракаев тергөө изоляторунда 305 күн, тактап айтканда 10 ай кармалган. Бул арада анын үй-бүлөсү жашаганга каражаты жок калган, анткени ал жалгыз багуучу болгон. Эң ири моралдык зыян келтирилген. Ал негизсиз эле 10 жылга чейин эркинен ажыратыла турган оор кылмыштарга айыпталган. Аны эл аралык стандарттар боюнча эксперттер эскерткендей адамды кыйноо менен тете болгон камераларда кармашкан. Ушундан кийин Адыракаева Р. А.нын ден соолугу кескин начарлап кеткен жана психикалык абалы дагы начарлаган. Абактын жана ЖАМКнын кызматкерлеринин уруп тепкени системалык мүнөзгө өткөн. Кайтаруудан бошогондон кийин да укук коргоо органдары аны изилдөөнү улантышкан.
Адыракаев Р. А. соттон 3 000 000 сом көлөмүндөгү моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сурап жатат. Жарандык кодекстин 1027-беренесине (пункт 2) ылайык моралдык зыян аны мыйзамсыз соттогон учурда, мыйзамсыз жоопкерчиликке тарткан убакта, мыйзамсыз камакка алганда төлөнүп берилет.
Жыйында судья доо арыз берүүчүгө тиркелеген жана башка тастыктоочу документтердин накта өзүн алып келүүнү милдеттендирди. Сот иши 7-майга жылдырылды.
2016-жылы Башкы прокуратура № 150-16-47 кылмыш иши менен Талас областынын УГКНБ кызматкери А. Жаамбаевге карата Кылмыш кодексинин 326-беренсинин 3-бөлүгү- “Далилдерди жасалмалоо” боюнча кылмыш иши козгогон,Талас шаардык соту А. Жаамбаевди 5 жылга абакка кескен.
Добавить комментарий ×